Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Кызыл Чырым уюму Мариуполдон элди эвакуациялоого аракет кылууда


Кыйраган Мариупол шаары.
Кыйраган Мариупол шаары.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму бир нече убактан бери курчоодо турган Мариупол шаарынан элди эвакуациялоо аракетин улантарын айтты. Гуманитардык уюм тараткан билдирүүдө "Азов деңизиндеги порт шаар согуштун эң оор салгылашууларынан улам талкаланган, миңдеген адамдар өлүп, дагы миңдегени качып кеткен. Он миңдеген адамдар тамак-ашка жана сууга жетпей камакта",-деп жазылган.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму 1-апрелде 50дөн ашуун украиналык автобусту жана башка жеке унаалардан турган кербенди шаардан алып чыгуу аракети текке кеткенин, 2-апрелде жарандардын коопсуз өтүшүн жеңилдетүү үчүн дагы бир жолу аракет кылынарын билдирди.

Ошол эле учурда украин президенти Владимир Зеленский артка чегинген орус аскерлери Киевдин сыртында, анын ичинде үйлөрдүн жана өлүктөрдүн тегерегине мина коюп жатышканын айтты.

Кремл болсо Украинаны 1-апрелдин башында чек арадан анча алыс эмес Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына тик учак менен чабуул жасады деп айыптады. Эгер бул чабуул ырасталса, Экинчи дүйнөлүк согуштан берки чет элдик күчтөрдүн орус жергесине жасаган биринчи аскердик соккусу болот.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Мариупол - Украинанын орус агрессиясынан эң көп жабыркаган шаары. Украинанын Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариупол шаары бир нече аптадан бери камоолдо жатат. Орус тараптын тынымсыз аткылоолорунан улам шаардагы имараттардын, турак-жайлардын көбү талкаланган, байланыш, жылуулук, электр энергиясы иштебей турат. Калаада азык-түлүк тартыш болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG