Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде пландуу текшерүү жүрүп жатканын билдирди


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде пландуу текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Текшерүүнүн министрдин айткан сөзү менен эч кандай байланышы жок деди прокуратуранын басма сөз кызматы.

Прокуратура тараткан маалыматта Саламаттык сактоо министрлигинде жүрүп жаткан текшерүү пландуу иш экени, башка мамлекеттик органдар дагы текшерилип жатканы айтылат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 31-мартта журналисттерге интервью берип жатып, министрликти прокуратура кызматкерлери текшерип жатканын билдирген. Башкы прокуратуранын ага карата эскертүү берүү тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасына жолдогон каты туура эмес экенин, аны президент дайындай турганын айткан.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берүү тууралуу өкмөт башчыга кат жолдогон.

Мындан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиев "башкы прокурор эскертүү бере тургудай ким" деп айтканын маалымат каражаттары жазып чыкты. Бейшеналиев соңку билдирүүсү туура эмес чечмеленгенин, андан сабак алып, өз пикирин туура жеткирүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Буга чейин парламенттин айрым депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандары боюнча өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакырган эле.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү саламаттык сактоо тармагында реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG