Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Соттордун ишин баалоо системасын киргизүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 28-мартта сот тармагын жана судьялардын ишин жакшыртуу маселелери талкууланды. Иш-чараны президенттик аппараттын Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү уюштурду.

Анда сот жараяндарынын ачык-айкындуулугун жакшыртуу үчүн аудио-видео жазууларды жакшыртуу, судьялардын ишин баалоо системасын киргизүү долбоорлор талкууланды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан маалыматта “долбоорлордо каралгандай, судьялардын ишинин сапатына кесипкөй баа берүү ар бир үч жылда бардык судьялар үчүн жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен гана квалификациялык класстар ыйгарылат, соттордун жетекчилери дайындалат, соттордун өз алдынча башкаруу органдарына көрсөтүлөт, ошондой эле судьялар төмөн баа алган учурда алар окууга жиберилет” деп айтылат.

Ушул айдын башында судьялардын курултайында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот отурумдардагы түрдүү тыюу салууларды токтотууга чакырган. Кыргызстанда сот отурумдары, айрыкча саясатчылардын иши судьянын чечими менен жабык өткөн, журналисттер киргизилбеген учурлар көп.

Курултайда президент Садыр Жапаров судьяларды таза иштөөгө, эркин болууга, күчтүү сот системасын түзүүдө тарыхый милдетин аткарууга үндөгөн. Ошондой эле Башкы прокуратураны, атайын кызматты жана милицияны соттордун ишине аралашпашы керектигин эскерткен.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктагы сындын бутасында турган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG