Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Президент жана өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулашты


Өкмөт жыйыны. 2022-жылдын 28-марты.
Өкмөт жыйыны. 2022-жылдын 28-марты.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды бүгүн 28-мартта президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөгөн кеңешмеде талкуулады. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Жыйындын катышуучуларына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгени маалымдалды.

24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин доллар кескин кымбаттап, Кыргызстанда негизги азык-түлүктүн баасы да жогорулаган. Орусия дан азыктарын сыртка чыгарууга чектөө коюп, кийин Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге квота бөлүнөрүн билдирген.

Өкмөт кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкканы Министрлер кабинетинин 24-марттагы отурумунда белгилүү болгон. Экономика жана коммерция министрлиги планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынарын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG