Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Пасечник: Луганскидеги жикчил аймакта Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүшү мүмкүн


Луганск облусундагы кыштактардын бири. 20-февраль, 2022-жыл.
Луганск облусундагы кыштактардын бири. 20-февраль, 2022-жыл.

Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган жикчил аймакта жакын арада Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кремл колдогон бул аймактын башчысы Леонид Пасечник билдиргенин Орусиянын мамлекеттик ТАСС
жаңылыктар агенттиги 27-мартта жазып чыкты.

"Менимче, республиканын аймагында жакынкы убакытта референдум өткөрүлөт. Анда эл толук конституциялык укугун ишке ашырып, Орусия Федерациясына кошулуу боюнча өз оюн билдирет", - деп айткан Пасечник.

Учурда Орусия мындай "референдумдун" пайда-зыянын талкуулап жатканы кабарланууда.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Луганскидеги болжолдуу добуш берүүнү тааныбай турганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди.

"Орусия Федерациясы Украинанын суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүүнү көздөгөн аракеттерин калтыра элек. Убактылуу оккупацияда турган аймактардагы бардык жалган референдумдар мыйзам жүзүндө жараксыз жана эч кандай юридикалык кесепеттерге алып келбейт", - деп айтты министрликтин басма сөз катчысы Олег Николенко.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирер алдында Донбасстагы өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил аймактардын "көз карандысыздыгын" тааныган.

Орусия 2014-жылдын мартында Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчил тараптардын ортосунда куралдуу кармаш тутанган.

Москва Крым жарым аралы "референдум" аркылуу Орусияга кошулганын билдирип жүрөт. Бирок эл аралык коомчулук Крымдагы добуш берүү бурмаланганын белгилеп, бул жарым аралды Украинанын аймагы деп таанып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG