Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Байсалов Атамбаевдин сотко келбей жатканы боюнча пикирин билдирди


Эдил Байсалов/
Эдил Байсалов/

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча бир нече пикирин жазды. Ал мурдагы президент өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюп жатканын белгилеген. Ошондой эле 2019-жылы суракка келбегендиктен жана куралдуу каршылыктан улам Кой-Таш окуясы болуп, атайын кызматтын офицери өлүп, башкалары да жаракат алганын эске салган.

"Эми ал бир нече айдан бери сотко келүүдөн баш тартып жатат. Кандай укук менен? Ал миңдеген башка айыпталуучулардан же камактагылардан эмнеси менен жакшы же жогору? Ошондуктан эркинен ажыратуу, ошол себептен абак режими, камактагы адам соттун жана коштоочулардын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү", - деп жазган.


23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын, буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Кадырбек Атамбаев атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 24-мартта жазды. Ал атасынын денесинде көгала жана сыйрылган тактар бар экенин, тизеси сыйрылганын билдирген.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери №47 колонияга 24-мартта барып, Атамбаев менен жолукканда анын колу-бутунда көк ала тактар бар экени аныкталганы, 23-марттагы окуянын чоо-жайын билүү үчүн абактын маалыматын алууга мүмкүнчүлүк берилбегенин кабарлады.

Жаза аткаруу кызматы жактоочунун жана жакындарынын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.


Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди "Батукаев иши" боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG