Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:57

Кыргызстанда бүгүн кезектеги эл каттоо жараяны башталууда


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 25-мартта Кыргызстанда элди жана турак жайды каттоо жараянынын биринчи этабы башталат. Ал 3-апрелге чейин уланат.

Ал эми каттоонун экинчи этабы алыскы тоолуу райондорду камтыйт. Бул өнөктүк 23-апрелде башталып, 2-майда жыйынтыкталат.

Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүргүзүлөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга которулган.

Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырышат. Эгер мурда маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо бул жолу алар атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге жүктөп турушат.

Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар да өтөт.

Чет жактагы кыргызстандыктар эгер алар бир жылга чейинки мөөнөткө кеткен болсо каттоого алынат, ал эми бир жылдан ашык убакытка болсо, анда Кыргызстандын калкынын санына кирбейт.

Каттоочу кызматкерлерге атайын күбөлүк жана QR код берилет, андыктан түрдүү алдамчылардан сак болуу үчүн чыныгы каттоочуларды ошол документтери аркылуу текшерсе болот.

Каттоодон өтүү үчүн эч кандай документ талап кылынбайт, ар бир адам кайсы жерде жашаганы тууралуу эмнени айтып берсе, ошол жазылат.

Жалпысынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу 40ка жакын суроо берилет. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.

Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Өлкө эгемендик алган 1991-жылдан бери каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өткөнү жатат. Биринчиси 1999, экинчиси 2009-жылы уюштурулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG