Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Байден менен Столтенберг Орусия химиялык курал колдонушу ыктымалдыгын эскертти


Жо Байден менен Йенс Столтенбергдин жолугушуусу. Архивдик сүрөт.
Жо Байден менен Йенс Столтенбергдин жолугушуусу. Архивдик сүрөт.

АКШнын президенти Жо Байден Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонуу мүмкүндүгүн экинчи жолу эскертти.

“Менимче, ушундай коркунуч пайда болду”,- деди ал 23-мартта Вашингтондо журналисттерге жооп берип жатып.

Байден бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө да орус армиясынын Украинадагы ийгиликсиз аракеттеринен улам Орусиянын президенти Владимир Путин эмне кыларын билбей, бурчка такалгандай абалга келгенин, ошол себептүү ал “химиялык же биологиялык курал колдонушу ыктымалдыгын” айткан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дагы 23-мартта Брюсселдеги билдирүүсүндө, Орусия украин жергесинде химиялык колдонуп жибериши мүмкүндүгүн билдирип, эгер андай жолго барса, ал “аскердик кылмыш катары караларын” кошумчалаган.

Ушул айдын башында Орусия АКШ Украинанын аймагында “биологиялык курал жасоо аракеттерин жүргүзүп келгенин” маалымдап, бул боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүнү өтүнгөн.

Вашингтон менен Киев муну кескин төгүндөп, ага эч кандай далил жоктугун айтышкан. Алар орус тарап өзү “ушундай багыттагы куралды колдонууну пландап жаткандыктан, аны каршылаштарына шылтап коюуну көздөп жатат” деп айыптап чыгышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG