Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

БУУ: Украинада 10 миллиондой адам үй-жайын таштоого аргасыз болду


Польшанын аймагына өткөн украиналык качкындар.
Польшанын аймагына өткөн украиналык качкындар.

Украинадагы согуштук аракеттер башталгандан бери өлкө калкынын төрттөн бири, жалпы 10 миллиондой адам үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Филиппо Гранди “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Бул санга өлкөнүн ичинде жер которгондор жана өлкөнүн сыртына чыгып кеткендер кошо кирет. Мекеменин маалыматына ылайык, 20-мартка чейин 3,4 миллиондой украин жараны, көбүнчө аялдар жана балдар башка мамлекеттерге качып чыгышты. 18 жаштан 60 жашка чейинки аскерге жарактуу курактагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлган.

Украиналык качкындарды негизинен Польша, Румыния, Словакия, Венгрия, Молдова жана башка мамлекеттер кабыл алууда. Европа Биримдиги украиналыктарга уюмга мүчө 27 мамлекеттин аймагында үч жылга чейин жүрүү укугун берди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адам каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG