Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Президент Жапаров Баткенге эки күндүк сапар менен барды


Президент Садыр Жапаров Раззаков шаарында. Баткен. 20-март, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров Раззаков шаарында. Баткен. 20-март, 2022-жыл.

Мамлекет башчы бүгүн, 20-мартта Раззаков шаарына барып, Исфананын аталышын өзгөртүүгө арналган иш-чарада сөз сүйлөдү. Ал шаар аталышын өзгөртүү демилгеси жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаковдун кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болоору талашсыз экенин айтты.

Исхак Раззаков Кыргыз Республикасын болгону 16 жыл башкарса да, мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгиледи.

Жапаровдун Баткен облусуна иш сапары эки күнгө созулат.
Анын жүрүшүндө облус борборундагы Ноорузга арналган майрамдык иш-чараларга да катышары күтүлүүдө.

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүү тууралуу мыйзамга мамлекет башчы 18-мартта кол койду. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган.

Раззаков шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG