Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:29

ИИМ оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштады


"Унаа" мамлекеттик мекемесинде оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, унааларды каттоо боюнча социалдык тармактарга чыккан 40ка чукул материалдардын негизинде алардын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

"Комиссия оң рулдуу же шектүү транспорт каражаттарын каттоодо же кайра каттоодо мыйзам бузуу фактыларын иликтеп, аныкталган фактылардын жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп берет", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү унаасын эрежени бузуу менен каттагандыгы үчүн "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери жумуштан бошотулганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров былтыр декабрь айында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемеси Ички иштер министрлигине караштуу болуп, айдоочулук күбөлүк берүү, квалификациялык сынактарды өткөрүү, автомектептерге лицензия берүү министрликтин колуна өткөн. Аталган мекеме буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына караган.

Оң рулдуу автоунааларды өлкө аймагына киргизүүгө жана колдонууга тыюу салган мыйзам 2015-жылдын 26-февралында кабыл алынып, 4-июнда күчүнө кирген. Бийлик бул мыйзам оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктарын азайтууну көздөөрүн билдирген. Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирип, каттоого жана колдонууга уруксат берүү демилгеси кайра көтөрүлүүдө. Парламентте мурда салынган тыюуну алып салуу сунушталып, мыйзам долбоорлору демилгеленип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG