Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Назарбаевдердин кудасы Кайрат Боранбаев кармалды


Кайрат Боранбаев.
Кайрат Боранбаев.

Казакстандын Финансылык мониторинг боюнча агенттиги 17-мартта бизнесмен Кайрат Боранбаев кармалганын кабарлады. Расмий маалыматта ал “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталып жатканы айтылат.

Ушул эле күнү сот аны эки айга камакка алды. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка маалыматтар жарыяланган эмес.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып калганын кабарлашкан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, "Кемикал" мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Өткөн аптада Назарбаевдин инисинин уулу, бир нече кызматтарда иштеген Кайрат Сатыбалды кармалган. Ага "Казахтелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдалышы" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG