Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:51

Коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. 12-марттан тартып мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт.

Өкмөттүн 11-марттагы маалыматына караганда, беткап боюнча талапты жоюу тууралуу чечим Коронавирус инфекциясына каршы республикалык штабдын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн жыйынында кабыл алынды.

Тийиштүү мекемелер сөзсүз беткап тагынуу талабы коюлган алгоритмдерин жана нускамаларын өзгөртүшү керек болот.

Бирок саламаттык сактоо системасындагы мамлекеттик жана менчик жайларда, коомдук транспортто беткап тагынуу талабы улана берери белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлигине жана облус бийликтерине элди коронавируска каршы эмделүүгө чакыруу өнөктүгүн активдүү улантуу тапшырмасы берилди.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

Биринчи толкун 2020-жылдын июль айына туш келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан.

Азыр күнүнө каза болгондордон бир-эки адам, жаңы бейтаптардан 20-30у катталууда.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата бул оору 200 миңдей кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу каза болду. Толук эмдөөдөн калктын 18% өттү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG