Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Netflix жана TikTok Орусиядагы бир топ кызматтарын токтотту


Netflix тиркемеси.
Netflix тиркемеси.

Netflix жана TikTok компаниялары Украинадагы согушту чагылдырууга байланыштуу орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам Орусиядагы кызматтарынын көбүн токтотту.

TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди. Компания бул чечим кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугун сактоо жана Орусиядагы “жалган маалыматтар” жөнүндө жаңы эреженин талабын аткаруу максатында кабыл алынганын билдирди. Кыска видеолорду бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бул тиркемеге кытайлык ByteDance технология компаниясы ээлик кылат.

Катталуучуларга кино, сериал, видео программаларды сунуштаган Netflix Орусиядагы ишмердигин токтотконун жарыялаганы менен анын чоо-жайын так билдирген жок. Буга чейин баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул компания Орусиядан программаларды кабыл алууну убактылуу токтоткон болчу.

Орусиянын маалымат тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси 4-марта Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүн чектеген. Андан бир күн мурда президент Владимир Путин Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу “жалган маалыматтарды” тараткан адамдарды 15 жылга чейин эркинен ажыратууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койгон.

Мындай талаптардан улам BBC, CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу ири эл аралык медиа компания Орусиянын аймагында ишмердигин токтотууга аргасыз болду.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери Украинадагы согуштан жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар мерт болду. Буга чейин орус бийлиги Украинадагы окуяларды “согуш” деп атоого тыюу салган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG