Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Зеленский: Винницадагы аэродром ракета соккусунан талкаланды


"Калибр" ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт
"Калибр" ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский Винницадагы жарандык аэропорт толугу менен талкалаганын 6-мартта билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери объектиге сегиз жолу ракетадан сокку урган.

Ага чейин чукул кырдаалдар кызматынын куткаруучулары аэропортто ракетадан кийинки өрттү өчүрүүгө аракет көрүп жатканы маалымдалган.

Ал жакта жарандык инфраструктурадан тышкары авиациялык бригада жайгашкан. Ыктымал курмандыктар тууралуу маалымат азырынча жок.

Зеленский сокку "Калибр" ракеталарынан, болжолу менен Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атаган аймактан атылганын айтты. Эч ким тааныбаган чөлкөм иш жүзүндө Москвага баш ийет, ал жакта орус аскерлери жайгашкан.

Молдованын Коргоо министрлиги сокку Приднестровьеден урулганы тууралуу маалыматты четке какты. Орус коргоо мекемеси болсо аэродром аткыланганын бышыктап, Украинанын согушууга жөндөмдүү авиациясы “керектен чыкканын” маалымдады.

Зеленский кайрадан Батыш лидерлерине кайрылып, Украинанын аймагын “учууга тыюу салынган мейкиндик” деп жарыялоону өтүндү. НАТОнун өкүлдөрү анда орус учактарын атып түшүрүүгө туура келерин, ортодо тиреш башталып, ири масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенин, андай талапты аткарууга даяр эместигин айтып келишет.

Ал арада орус армиясы өз көзөмөлүнө алган айрым облустарда, анын ичинде Херсон, Жаңы Каховка, Старобельск шаарларында нааразылык акциялары өттү. Чогулгандар украин желектерин көтөрүп чыгышты. Жаңы Каховкада аскерлер ок ачканы, беш киши жарадар болгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG