Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Султанбаев жалган маалымат таратпоого чакырды


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 6-мартта билдирүү таратып, "дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпоого чакырды:

"Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телеберүүдөн таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса, "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телеберүү жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар",- деди Султанбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-марттагы чечими менен жергиликтүү Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалган.

“Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турат.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин айтып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG