Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Украина: согуш башталгандан бери 38 бала каза тапты


Мариуполь шаары. 1-март, 2022-жыл
Мариуполь шаары. 1-март, 2022-жыл

Орусия Украинага басып киргенден бери аткылоо, бомбалоолордун айынан 34 оорукана керектен чыкты. Бул тууралуу Украинанын саламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко билдирди. Анын айтымында, кээ бир ооруканалар талкаланып калды, башкаларынын инженердик системалары иштен чыкты, суу, электрэнергиясы жок.

Министр Женева конвенциясы бузулуп жатканын, себеби медициналык кызматкерлер согуштук аракеттерге кириптер болбоого тийиш экенин белгиледи. Ляшко Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруканаларды бутага алуу учурлары тууралуу маалыматтарды өз сайтына жайгаштырганын, кийин ал эл аралык сотко тапшырыларын кошумчалады.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы 24-февралда таңкы саат 4төн баштап 3-мартка чейин украин жергесинде 1006 карапайым кишинин өлүмү же жараланганы катталганын билдирди. Бирок Улуттар уюму реалдуу сан мындан көбүрөөк болушу мүмкүн деп эсептейт.

Украинанын омбудсмени Людмила Денисованын маалыматына ылайык, Орусия кол салгандан бери 38 наристе каза тапты, 71и жабыркады. Айрымдарына өз маалында жардам берилбей калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG