Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Алматыда Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы митинг өтүүдө


Алматыдагы акция. 6-март, 2022-жыл.
Алматыдагы акция. 6-март, 2022-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында 6-март күнү Украинадагы согушка, Орусиянын агрессиясына каршы митинг уюштурулду.

“Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден маалымдагандай, "Сарыарка" кинотеатрынын артындагы сейил бакка жүздөгөн адам чогулду. Алар Украинанын желегин көтөрүп, “Жашасын, Украина!", ""Согушка жол жок!", "Путин, Гаага, түрмө!" - деп кыйкырып турушту.

Сөзгө чыккандар "Украинада болуп жаткан окуялар эртең Казакстанда да болуп кетиши мүмкүндүгүн” айтышты.

Митингге чыккандар Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган БУУнун резолюциясына добуш берүүдө Казакстан "макул" деп эмес, карманган позицияда болгонун айыпташты. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылган.

Документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдогон.

Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия резолюцияга “каршы” добуш берген. Казакстан, Кыргызстан сыяктуу 35 мамлекет добуш берүүдөн карманган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG