Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Мирзиеёв менен Токаев геосаясий чыңалуу шартындагы кызматташууну талкуулады


Өзбекстандын президентинин сайтынан алынган сүрөт.
Өзбекстандын президентинин сайтынан алынган сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөшкөнүн Мирзиёевдин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, эки президент "достукту, стратегиялык өнөктөштүктү жана өнөктөштүк мамилени мындан ары чыңдоо, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин" талкуулашты.

Казак президентинин басма сөз кызматы эки лидер азыркы геосаясий чыңалуу шартында соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулашканын билдирди.

Казак президентинин сайты "президенттер жаңы коркунучтарды жана чакырыктарды жоюу максатында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү макулдашканын" жазды .

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG