Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги эвакуация иштерин Львов шаарында улантууда


Львов шаары.
Львов шаары.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги ушу тапта (5-марттын саат 16:30га карата) эвакуациялоо үчүн Львов шаарында атайын автобус камдап, каалоочуларды күтүп турат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна элчиликтин консулу Эрмек Каныбеков билдирди. Анын айтымында, автобус Львов шаарынан Польшага жөнөтүлөт:

“Тизмеге 36 киши жазылды эле, бирок эки сааттан бери күтүп турабыз, болгону 15 жаран келди. Кээ бирлери жолдо, ал эми кээ бирлери чек араны карай өз автоунаалары менен чыгып кетишиптир. Буюрса бул сыяктуу иштерди биз уланта бермекчибиз. Анткени Украинанын айрым шаарларында дагы бир-экиден калган жарандар болуп жатат. Биз жарандарды Польшанын чек арасына чейин акысыз алып барабыз. Ал жерден акысыз поезд менен белгиленген жерге чейин жетип алат. Ошол жерден аларды биздин министрликтин кызматкерлери күтүп алат жана авиакаттам менен Кыргызстанга жөнөтүү иш-чарасы көрүлөт. Биз азыр бул жакта бир-экиден келген жарандарды эки-үч күндөн бери өзүбүздүн автоунаалар менен да алып келип жатабыз вокзалга чейин. Анткени кээ бирлери кичине балдары менен ыңгайсыз болуп келе албай калууда. Арасында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар”.

Элчиликтин кызматкерлери аба ырайы суук болгондуктан көпкө күтүү кыйын болуп жатканын, андыктан бул автобуска жетишип калууну каалагандар ыкчамыраак болсо деген өтүнүчүн айтып жатышат.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Кадыркулов бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына кайрылып, +380997573413 (элчи) жана +380507763494 (кеңешчи) номурлары аркылуу байланышка чыгууга чакырууда жана ар бир кайрылган адам аты-жөнүн (паспорттогудай англисче), паспорт белгилерин, кайсы шаарда экенин бир кат кылып жазышы керектигин, эвакуация боюнча иштер ошого жараша болорун, эгер ким жолдо кетип жаткан болсо маршрутту да айтып койсо ыңгайлуу болорун кошумчалады.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG