Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Мадумаровго байланыштуу түзүлгөн комиссия ишин 10-мартка чейин улантат


Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн комиссия 10-мартка чейин жумушун улантат. Бул тууралуу "Азаттыкка" депутат Исхак Масалиев билдирди. Комиссиянын 3-марттагы жабык жыйыны кечки саат тогузда аяктады.

Депутат Дастан Бекешевдун айтымында, комиссия а дегенде Адахан Мадумаровдон кол тийбестикти албоо чечимине келген. Бирок кийинчерээк баш прокурордон Мадумаровдун ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өткөрүү сунушу түшкөн. Мындан улам комиссия ишти кайра карап чыгууну чечти.

Адахан Мадумаров 10-февралда өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, муну саясий куугунтук катары баалаган. Башкы прокуратура 11-февралда бул маалыматты четке кагып, ал азырынча күбө катары эле өтүп жатканын билдирген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Буга байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир айдын ичинде карап чыкмай болгон.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколдон улам 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Ал 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG