Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Роскомнадзор "Свобода" радиосунун сайтын бөгөттөй турганын эскертти


Украинанын Киев шаарындагы телемунарасын орус армиясынын аткылоосу.
Украинанын Киев шаарындагы телемунарасын орус армиясынын аткылоосу.

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын орус кызматы – “Свобода” радиосун сайтындагы Украинага байланыштуу материалдарды өчүрүүсүн талап кылып, антпесе сайтты бөгөттөй турганын эскертти.

Мунун алдында Орусиянын Башкы прокуратурасы менен Роскомнадзордун атынан соттун чечими жок алты жаңылык боюнча кабарлама келген. Алар Харьковдогу турак-жайларды аткылоо, Орусиянын сайттарын хакерлердин бузуп салуусу, коңшу мамлекеттеги согуштук аракеттерге карата орусиялыктардын пикири жөнүндө маалыматтарды өчүрүүнү талап кылган.

Роскомнадзор Орусиянын Украинага кол салуусун согуш деп атабоону талап кылууда. Буга байланыштуу бир нече сайттар бөгөттөлгөн. Жергиликтүүлөрдөн “Дождь” телеканалынын, “Эхо Москвы” радиосунун, чет элдиктерден The Village сыяктуу сайттар бөгөттөлгөн.

Булардын ичинде “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоорлору – “Настоящее Время” телеканалынын сайтын жана “Крым.реалии” сайтын жапкан. “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай “муну Путиндин Украинага каршы кылмыштуу согушу жөнүндө чындыктарды жашыруу аракети” катары баалап, холдинг бул талаптарды аткарбай турганын билдирген.

Орус президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Сегиз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG