Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Жонсон: 38 өлкө Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылды


Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу 38 мамлекет Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды. Бул тууралуу 2-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди.

“Путин бул үрөй учурган аракеттерди жасоо менен жазасыз калбай турганы бизге айдан ачык”, - деп айтылат Жонсондун Твиттердеги билдирүүсүндө.

Бирок британ премьер-министри Эл аралык кылмыш сотуна кайсы мамлекеттер кайрылганын тактаган жок.

27-февралда Украинанын бийлиги да Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна арыз жолдогон.

"Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз”, - деп билдирген украин президенти Владимир Зеленский.

Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады. Орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG