Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

БУУга мүчө-өлкөлөр Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюцияны жактырды


БУУнун Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюциясына добуш берүүнүн жыйынтыгы.
БУУнун Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюциясына добуш берүүнүн жыйынтыгы.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Москванын Украинага карата согушун тез арада токтотуусун жана Украинанын аймагынан жоокерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдоду.

БУУнун таблосунда көрүнгөндөй, Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия резолюцияга “каршы” добуш беришти. Армения, Кытай, Конго, Куба, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр добуш берүүдөн карманышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу резолюцияны колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG