Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Ысык-Көлдө ысырапкерчиликке каршы жарлыкты түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Ысык-Көл облусу.
Ысык-Көл облусу.

Ысык-Көл облустук милициясы президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликке каршы жарлыгын элге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, насыяга алат жана аны төлөө үчүн чет жакта иштегенге кетүүгө аргасыз болушат", - деп айтылат маалыматта.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып, Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгилеп жана буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо "тоок дагы сойдурбай койгонун" мисал кылган.

28-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Кыргызстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG