Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

“Т-Медиага” телефондон опуза кылган адам кармалды


“Т-Медианын” эмблемасы түшүрүлгөн калпактар жана басылма тууралуу маалыматтар камтылган кагаз.
“Т-Медианын” эмблемасы түшүрүлгөн калпактар жана басылма тууралуу маалыматтар камтылган кагаз.

Оштогу “Т-Медиа” маалымат порталына телефон чалып, коркуткан адам кармалды. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экенин аталган редакция милицияга таянып билдирди. Кармалган жаран жоругуна өкүнүп, журналисттерден кечирим сураган. Ал кандай максатта чалганы, эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу айтыла элек.

19-февралда "Т-Медианын" кызматтык телефонуна белгисиз адам байланышып, редакциянын кызматкерлери тууралуу маалымат сураган жана "кеңсеңерди өрттөп кетем” деп коркуткан.

Редакциянын директору Жаныбек Деркенбаев ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазган.

“Т-Медиа” басылмасы Ошто бир катар иликтөөлөрдү жарыялап, коомдук-саясий окуяларды түз ободо чагылдырат. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG