Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Киевдеги 114 кыргызстандык Венгрияга чыгып кетти


Киевдеги имараттардын бири.
Киевдеги имараттардын бири.

28-февралда Украинанын борбору Киевден 114 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди. Автобустарды элчилик уюштурду.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланат.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Ушу тапта Беларус менен Украинанын чек арасында эки мамлекеттин делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG