Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Батыш айрым орусиялык банктарды SWIFT системасынан өчүрөт


Батыш мамлекеттери буга чейин санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүрмөй болду. Бул тууралуу АКШ, Евробиримдик, Британия, Канаданын 26-февралдын кечинде биргелешип жасаган билдирүүсүндө белгиленет.

Анда «бул кадам банктарды эл аралык каржы системасынан ажыратып, алардын глобалдык масштабдагы ишине кедергисин тийгизет» деп жазылат.

Ошондой эле Ак үйдүн расмий сайтына чыккан билдирүүдө жазылгандай, Орусиянын Борбордук банкы эл аралык резервдерин өзү каалагандай иштете албай калгыдай чектөөлөрдү киргизүү каралат.

Андан тышкары Украинадагы согушка жана орус өкмөтүнүн ишине тиешеси бар адамдарга жана уюмдарга санкция киргизилет. Тактап айтканда, өкмөткө жакын, колунда бар орусиялыктарга «алтын паспорт» же Батыш мамлекетинин жарандыгы берилбейт.

Билдирүүдө белгилегендей, орус бийлигине катыштыгы бар адамдардын жана алардын жакындарынын Батыштагы активдери аныкталып, камакка алынат. Бул үчүн кийинки аптада атайын трансатлантикалык ыкчам топ түзүлөт.

SWIFT аркылуу дүйнөдөгү каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алышат. Бул системага 11 миң уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына беш миллиарддай кат алмашылат.

Буга чейин СберБанк, "Газпромбанк", "Открытие", Совкомбанк жана Новикомбанкка санкция салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG