Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Кыргызстан Украинадагы жарандарын алып чыгуу үчүн Европадагы төрт өлкө менен макулдашты


Польшага чыгып кетип жаткан украиналыктар.
Польшага чыгып кетип жаткан украиналыктар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн Венгрия, Польша, Румыния жана Словакия маршрутун иштеп чыкканын кабарлады.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Украинадагы элчиликтин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.

Европа өлкөлөрүнө кирчүлөргө Шенген визасы талап кылынбай турганын, муну үчүн алар элчиликтин коштоосу менен барышы керектиги белгиленет.

Кыргызстандын ТИМи учурда Украинанын бүткүл аймагында каршылашкан тараптардын ортосунда атышуулар жүрүп жатканын белгилеп, ары-берүү каттоодо жеке коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүндүгүн эскертет. Ушуга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарын жашаган жери коопсуз болсо Украинанын аймагында кырдаал турукташканга чейин ошол аймакта кала берүүнү сунуштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылганы айтылган.

ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG