Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Орусия Украинанын 74 аскердик объектисин талкалаганын билдирди


Орусиянын кол салуусунан улам талкаланган Украинанын аскердик объектиси.
Орусиянын кол салуусунан улам талкаланган Украинанын аскердик объектиси.

Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда жасаган чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын кургактыктагы 74 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын басма сөз жыйынында билдирди.

“РИА-Новости” маалымат агенттиги жазгандай, Конашенков айткан объектилердин ичинде 11 Аба-коргонуу күчтөрүнүн аэродрому, 3 командалык пункт, 1 аскердик-деңиз базалык пункту жана 18 зениттик-ракеталык комплекстеринин радиолокациялык пункту бар.

Мурдараак Украинанын бийлиги Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды, тик учактарды жана башка аскердик техникаларды жок кылганын маалымдаган.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG