Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Зеленский Орусия Чернобыл АЭСин алууну көздөп жатканын билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыл атомдук электр станциясын (АЭС) алууга аракет жасап жатышканын билдирди. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскертти.

Мунун алдында Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко кооптуу радиоактивдүү заттар көмүлгөн Чернобыл АЭСинин аймагына беларус аскерлери өтүүгө аракет кылып жатканын маалымдаган. Ал “эгер баскынчылар өзөктүк калдык сактоочу жайларды жардырып жиберсе, радиоактивдүү чаңдар Украинанын, Беларустун жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагына тарайт” деп эскерткен.

Ага чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный соңку кырдаал боюнча билдирүү таратып, Беларустун аймагынан украин жергесине төрт баллистикалык ракета атылганын кабарлады.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жашырып-жаап, кийин каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. "Гринпис" уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG