Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Өзбекстан Казакстанда кармалган жарандары боюнча Нур-Султанга нота жөнөттү


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Өзбекстандын Нур-Султандагы элчилиги Казакстанда кармалган өзбек жарандарына байланыштуу казак Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Юсуп Кабулжанов билдирди.

Анда кармалган өзбекстандыктар тууралуу толук маалымат берүү талап кылынат. Алардын кайсы жерде камалганын, кармалышынын себеби суралган. Өзбек тарап өз адистерин алар менен жолуктурууну өтүнгөн.

Мунун алдында Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова январь айынын башында катталган окуяларга байланыштуу 18 чет өлкөлүк жаран кармалганын кабарлаган. Алардын 14 Өзбекстандын жараны экени, экөө Орусия, экөө Кыргызстандын жараны экенин маалым болгон.

Кыргызстан окуя учурунда кармалган алты жаранын дипломатиялык жол менен бошотуп келген. Анын ичинде казак жергесинде кармалып, кийин бошотулган Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынышы боюнча Бишкекте кылмыш иши козголгон. Руслан Иманкулов жана Талгат Темиркан уулу деген жарандар Таразда кармалып жатканы маалым.

Казакстандагы тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG