Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Кыргызстанда Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдө


Бишкектеги Жеңиш аянты. 23-февраль, 2022-жыл.
Бишкектеги Жеңиш аянты. 23-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Бишкекте Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондор эскерилди. Ага Коргоо министрлигинин жетекчилери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, дүйнө улам жаңы коркунучтарга туш болуп жаткан учурда аскерлер ар кандай кырдаалга даяр болушу керек экенин билдирди. Жапаров өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жакшыртууга аракет болуп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын башка аймактарында да Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу иш-чаралар өткөрүлдү.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. Ошондой эле 29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамы катары белгиленет.

2021-жылдын 24-декабрында Министрлер кабинетинин кеңешмесинде Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель жана 8-ноябрдын макамы боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси каралып жатканын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG