Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

"Кыргыз темир жолу": Орусия поезд каттамын жандантууга макул боло элек


Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган.
Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы расмий Москва Кыргызстандан Орусияга Казакстан аркылуу поезд каттамдарын жандантып, жүргүнчү ташууга уруксат бере электигин билдирди. Учурда сүйлөшүүлөр уланып жатканын, жыйынтыгы чыга электигин кабарлады.

Өткөн аптада казак тарап 21-февралдан тартып өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек - Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек - Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек - Казань каттамы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG