Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Украина Коопсуздук кеңештин чукул жыйынын чакырууну өтүндү


Украинанын аскерлери Донбасстагы жикчилдер менен чектешкен жерде.
Украинанын аскерлери Донбасстагы жикчилдер менен чектешкен жерде.

Украина 21-февралда Орусиянын кол салуу коркунучун талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, чукул отурум өткөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирип, президент Владимир Зеленскийдин тапшырмасы менен өзү ар кайсы мамлекеттерге расмий түрдө кайрылганын маалымдады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүндө кайрылуусунда Украина 1994-жылы өзөктүк куралдан баш тартуу аракети үчүн кепилденген коопсуздукту камсыздоону суранган. Орусия, АКШ жана Улуу Британия менен кабыл алынган Будапешт келишиминде, эгер Украина СССРден калган өзөктүк куралдарын жок кылса, анын “аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына” шек келбей турганы жазылган.

Мунун алдында Орусиянын Коопсуздук кеңеши президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн таануу маселесин карады. Анын катышуучулары президентти аталган аймактардын көз карандысыздыгын таанууну бир ооздон суранышты. Владимир Путин бул боюнча чечим жакын арада чыгарыларын маалымдады.

Бул Донбасстагы соңку кырдаал курчуган учурга туш келди. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде жалпы 15 мамлекет бар. Алардын ичинде беш өлкө - Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай туруктуу мүчөлөр. Калган мүчөлөр жыл сайын ар бир беш мамлекеттин добуш берүүсү менен тандалып алынып турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG