Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Допинг чырына кабылган спортчу Валиева 4-орунду алды


Камила Валиева.
Камила Валиева.

Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш 17-февралда жыйынтыкталды. Анда алтын медалды орусиялык Анна Щербакова жана күмүш медалды анын мекендеши Александра Трусова алды. Коло медалга жапониялык Каори Сакамото ээледи.

Допинг чырына кабылган башка бир орусиялык спортчу Камила Валиева жыйынтыктоочу бөлүктө каталарга жол берип, 4-орунду алып калды. Бийлеп жаткан маалда анын көзүнөн жаш чыгып кетти.

Эл аралык олимпиада комитети эгер Валиева алдыңкы үчтүккө кирсе, Дүйнөлүк антидопинг мекемеси маселени чечкенге чейин медалдарды тапшыруу расмиси өтпөй турарын билдирген болчу. Ал медал албай калганы үчүн оюндан кийин сыйлоо режими уюштурулду.

8-февралда Эл аралык допинг агенттигинин (WADA) Стокголмдогу лабораториясы орусиялык спортчу Камила Валиеванын тестинде тыюу салынган триметазидин бар болуп чыкканын билдирген. Ошондон кийин ал Орусиянын агенттиги (РУСАДА) тарабынан шарттуу түрдө мелдештерден четтетилген. Валиева ал чечимди дисциплинардык комитетте талашып, жарышка даярдануу уруксаты берилген. Кийин Спорттук арбитраждык Валиевага Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берген.

Орусиянын командалык мелдештеги жеңиши боюнча чечим Эл аралык олимпиада комитетинин апелляциясы каралгандан кийин кабыл алынмакчы. Валиева бир нече мекендеши менен анда алтын медал уткан.

Кытайдын Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндары 4-февралда ачылган. Ал 20-февралга чейин уланат. Учурда медалдардын саны боюнча Норвегия, Германия, АКШ, Швеция мамлекеттери алдыда келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG