Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Президент Жапаров күч түзүмдөрү менен чек ара коопсуздугун талкуулады


Sadyr Japarov
Sadyr Japarov

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, коопсуздук жана коргонуу, анын ичинде мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын 11-февралда өтүп, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери баяндама жасады. Президент кызматтык даярдыкты жогорулатуу жана координациялоону чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди деп айтылат расмий маалыматта. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG