Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кытай элчиси темир жол боюнча үч өлкөнүн тийиштүү кызматтары иштеп жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта экенин билдирди. Бул тууралуу элчи Ду Дэвэн “Кабар” улуттук маалымат агентигине курган маегинде айтты. Ал Бээжиндеги кыргыз-кытай мамлекет башчыларынын жолугушуусунда темир жол негизги суроолордун бири болгонун белгиледи.

“Кыргызстанда бул маселеге көбүрөөк көңүл бурулууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кытай тараптын позициясы активдүү жана ачык экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Бээжиндеги жолугушууда эки өлкөнүн башчылары темир жолдун курулушун илгерилетүү боюнча өздөрүнүн позициясын дагы бир жолу билдиришти”, - деди элчи.

Элчи долбоор Борбор Азиянын транспорттук дараметин ачууда маанилүү экенин кошумчалаган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Жакындагы Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон. Бул жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында таратылган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG