Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

ИИМ: абактагылар мамлекеттик кызматкерди алдап акча жана курал алдырышкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги абакта жаткан телефон шылуундардын кылтагына жөнөкөй жарандардан тартып, мамлекеттик кызматкерлер дагы илинерин кабарлайт.

Милиция камакта отуруп мамлекеттик кызматкерди алдап, 15 миң сом жана курал-жаракты огу менен алдыргандар аныкталганын билдирди. Мамлекеттик кызматкер акча менен куралды такси аркылуу салып жиберген. Шылуундар жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдардын өкүлү катары ага кызматын жогорулатууну убада кылган.

Ички иштер министрлиги телефон шылуундар негизинен жогорку кызматтагы адамдардын жардамчысы, ыйгарым укуктуу өкүлү катары телефон чалышаарын белгилейт. Милиция алдамчылардын кылтагына илинип калбоо үчүн сак болууга чакырат.

10-февралда ИИМдин кызматкерлери жаза аткаруу мекемелеринин биринде тинтүү жүргүзүшүп, төрт уюлдук телефон табышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG