Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылууда


Жалал-Абадда ун таркатылып жатат.
Жалал-Абадда ун таркатылып жатат.

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 2,5 миңге чукул үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

8-февралдан баштап Жалал-Абад, Сузак жана Базар-Коргон районуна ун ташылып баштаган. Базар-Коргонго 34 тонна жеткирилди. Калган райондорго да жакынкы күндөрү жөнөтүлөт.

Бекер берилип жаткан ун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн.

Ун эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан аныкталып, каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жатат.

Жалпы облус боюнча жакыр үй-бүлөлөр 59 миңден ашуун. Облуска жалпы 61 миң 226 мүшөк ун бекер келген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG