Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

Бишкекте эстелик орнотууну чектөө сунушталууда


Иван Панфиловдун айкели, Бишкек. Архив сүрөт.
Иван Панфиловдун айкели, Бишкек. Архив сүрөт.

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси шаардын борбордук бөлүгүнө айкел, мемориалдык такта сыяктуу эстеликтерди орнотууну чектөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Шаардын борборунда белгилүү адамдардын айкелдери өтө көп болуп кетти. Алардын баарын батыруу, тазалоо жана карап, оңдоп турган атайын мекеме жок. Албетте, коомго эмгеги сиңген адамдардын атын даңазалоо маанилүү, бирок азыр орун калбай калды. Азыркы тапта коомдук уюмдар, жеке адамдар кимдир бирөөнүн атын түбөлүк калтырууну көздөп, шаарга эстелик орнотуу арызы менен көп кайрылууда. Айрыкча Эмен багы, Панфилов паркы жана Эркиндик бульварына айкел койгусу келгендер көп. Айкел орното берсек, балдар ойногон аянтчалар, жашыл зоналар калбай калат", - деп айтылат "Бишкек башкы архитектуранын" маалыматында.

Шаардын архитектуралык түзүлүшүнө жооптуу мекеме көп эстеликтер сапатсыз жасалып, бат эле бузулуп жатканын маалымдайт.

Мекеме Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине эстелик орнотууга мораторий жарыялоону сунуштаган расмий кат жибергенин кабарлады.

Жалпысынан Бишкекте 260дан ашык айкел, эстеликтер бар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG