Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Алихан Ураимов блогер менен болгон окуяга түшүндүрмө берди


Баткен шаары. Архив сүрөт.
Баткен шаары. Архив сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат башчысы Алихан Ураимов блогер Батмакан Жолдубаева менен болгон окуя тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

Ал Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракцияларынын Баткендеги көчмө жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын гана өкүлдөрү чакырылганын билдирди. Буга байланыштуу Батмакан Жолдубаева чогулушка киргизилбегенин, ага нааразы болгон блогер кол көтөргөнүн айтат.

“Тасманын тартылбай калган бөлүгүндө мени бетке чаап, кийимдеримди тытмалап, бетимди тытууга аракет кылып, аброюма шек келтирген акаарат сөздөрдү колдонгону коомчулукка жеткирилген жок”, - деди Ураимов.

Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары 5-февралда кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Баткендин Исфана шаарында көчмө жыйын өткөргөн.

Блогер Батмакан Жолдубаева журналист экенин айтып, жыйынга катышууга аракет кылган. Алихан Ураимов андан журналисттик күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылып, чогулушка киргизген эмес. Экөөнүн урушу тартылган тасма Интернетке тарады. Жолдубаева аппарат башчы ага кол көтөргөнүн билдирип, ооруканага жатканын кабарлаган. Жыйынды президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү уюштурган.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыкты. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG