Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Казак бийлиги кыйноо фактыларын иликтөөгө даяр экенин билдирди


Нур-Султандагы Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Нур-Султандагы Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Казакстан бийлиги январдагы окуяларда ашыкча күч колдонулган болушу мүмкүн экенин мойнуна алып, кыйноолор жана негизсиз кармалгандар тууралуу фактыларды иликтөөгө даяр экенин билдирди.

3-февралда Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, "Казакстан негизсиз кармалгандар, кыйноого кабылгандар жана ашыкча күч колдонуу боюнча окуяларды айыптайт" деп жазылган. Арыздардын баарын тергөө органдары иликтеп жатканы белгиленет.

Министрлик Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, ушул тапта "тергөө жүргүзүүдө уруксат берилбеген ыкмаларды колдонуу" боюнча 98 иш иликтенип жатканын билдирди. Ошондой эле мекеме "бийлик эл аралык уюмдар менен кызматташууга жана диалогго ачык экенин" кошумчалаган.

1-февралда "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдүн баарын тыкыр иликтеп, январь окуялары маалында жана андан кийин кармалган активисттерди басмырлоону токтотууга чакырган.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, январдын башында Казакстандагы тополоңдо 227 киши өлүп, он миңден ашуун адам кармалган. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолгошот. Президент Касым-Жомарт Токаев укук коргоочуларды жана көз карандысыз активисттерди "каршылык акцияларын тутандырууга" айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG