Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Орусия Берлинге жооп кылып "Немис толкунун" жаба турганын билдирди


Бонндогу Deutsche Welle медиасынын баш кеңсесиндеги жазуу. 26-сентябрь, 2016-жыл.
Бонндогу Deutsche Welle медиасынын баш кеңсесиндеги жазуу. 26-сентябрь, 2016-жыл.

Орусия Берлинге жооп катары "Немис толкуну" (Deutsche Welle) медиасын жабарын билдирди. Бир күн мурун Германия бийлиги Кремл көзөмөлдөгөн RT DE (мурдагы Russia Today) телеканалынын берүүлөрүнө тыюу салган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, DWнын өлкө ичиндеги баардык кызматкерлеринин аккредитациясы жокко чыгарылары жана аталган медианын көрсөтүүлөрүнө өлкө аймагында тыюу салына турганы айтылды. Бул немис компаниясына каршы кабыл алынган чаралардын биринчи баскычы экени баса белгиленген.

Андан тышкары министрлик RT DE каналын жабууга тиешеси бар баардык расмий адамдарга Орусияга кирүүгө тыюу салынарын кошумчалады.

2-февралда Германия немис тилинде чыккан RT DE каналынын берүүлөрүнө тыюу салган. Мурда Russia Today деп аталган орусиялык мамлекеттик телеканалдын лицензиясы жок болгону үчүн ушундай чечим кабыл алынганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, эми алар спутник, интернет жана мобилдик тиркеме аркылуу чыга алышпайт. RT бул чечимди сотто талашарын, Москвадагы студиядан немис тилиндеги берүүлөрдү даярдоону уланта беришерин "Телеграм-каналына" жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG