Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Чолпон-Атада саймалуу таштар жайгашкан аймакта курулуш жүрүп жатканы кабарланды


Министрлик тараткан сүрөт.
Министрлик тараткан сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы тарыхый баалуу таштар, петроглифтер жайгашкан жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканын маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, министр Азамат Жаманкулов 30-январда петроглифтер жайгашкан аймакты кыдырып келди. Министрлик жергиликтүү бийлик органдарына эстеликтерди сактоо, андагы жер тилкелерин мамлекеттик музейлерге өткөрүү боюнча бир нече жолу кайрылганы менен жыйынтык чыга элек.

Сары-Камыш айылынан Чолпон-Ата шаарында чейинки тоо этегинде жайгашкан тарыхый таштар б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. ч. I жылдыктарына таандык.

2020-жылы Алайдагы петроглифтер жаткан аймакта көмүр казуу иштери башталып, коомчулуктун сынына кабылган.

Кыргызстанда ташка чегилген жазуулар Чолпон-Атанын Сары-Ой айылында, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында, Алай районунун Үч-Дөбө айылында жана Ош шаарынын Сулайман тоосунда көп кездешет. Кыргызстанда мындай жерлер "саймалуу таш" деген ат менен белгилүү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG