Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

Салык кызматы Google, Meta (Facebook) компанияларына кат жөнөтүлөрүн маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы кабыл алынган Салык кодекси боюнча электрондук соодага салык киргизилип, Google же Meta (Facebook) сыяктуу чет өлкөлүк интернет ишканалардын өлкөдөн тапкан пайдасынан салык алынат. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов аталган ишканаларга атайын кат жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” кабарлады.

“Баарын көзөмөлгө алуу кыйын болот. Бирок, Google, Facebook компаниялары үчүн салык абройго байланышкан маселе болуп саналат. Биз кийин изилдеп, ал компаниялардын салык төкпөй жатканын таап алсак, беделге доо кетет. Ошондуктан чоң компаниялар аброюна карап салык төгүшөт”, - деди Умтулов.

Азырынча чет элдик интернет компаниялардын салык пайызы канча болору белгисиз. Google, Meta (Facebook) – дүйнөлүк ири компаниялар. Аларга таандык социалдык тармактардын колдонуучулары товар, кызмат көрсөтүү, пиар сыяктуу жарнамаларды беришет. Кыргызстандагы өткөн жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо талапкерлер "Фейсбуктагы" жарнамага 30 миң доллардай сарптаган.

Кыргызстанда талаш-тартыш, сын менен коштолгон жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып ишке кирди. Бийлик мыйзамды өзгөртүүнүн максаты - системанын туруктуулугун камсыздоо, санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG