Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:05

Кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенден кийин ачылары айтылды


Көк-Таш. Баткен. 28-январь, 2022-жыл.
Көк-Таш. Баткен. 28-январь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Тажикстандын расмий делегациясы менен жолугушуудан соң, Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен жолукканда чек ара качан ачыларын айтты:

"Тажикстан менен чек араны чечип алсак, элибизди тынч-аман кармасак деген чоң үмүтүбүз бар. Маселе толук чечилгенде Тажикстан менен чек араны толук ачабыз", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев чек ара чечилбесе, куралдуу жаңжалдар токтобой турганын эскертти.

Чек ара маселеси боюнча бүгүн, 29-январда Баткенде, Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүү аяктады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын расмий делегациясы кырдаалды талкуулады.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG