Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тажик кесиптеши менен сүйлөштү


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу тажик кесиптеши Насрулло Махмудзодо жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу кабар анын “Фейсбук” баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, ал президент Садыр Жапаров менен дайыма байланышта болуп, анын тапшырмасы менен чек арадагы кырдаалды тезинен турукташтыруу максатында күч түзүмдөрүн координациялап жатат.

27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, куралдуу кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде - Төрт-Көчөдө чыкты. Ал жерде Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Жаңжал үчүн Кыргызстан тажик тарапты, Тажикстандын бийлиги кыргыз коңшуларын айыптап жатат.

Тажикстан бир жараны каза таап, 17 киши жаракат алганын билдирүүдө. Кыргызстан болсо жети адам жаракат алганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG