Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Чек ара кызматы каршы тарап заставалар менен электр өткөргүчтөрдү аткылап жатканын билдирди


Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекет.
Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекет.

УКМКга караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал эмнеден чыкканы боюнча маалымат таратты.

Анда айтылгандай, 27-январда кечки саат 17:50дө Төрт-Көчөгө Тажикстандан жүк ташуучу машинелерге таш жүктөп бир нече адам келген. Алар Баткен-Исфана жолуна ташты түшүрүп, бөгөп салган. Аталган мекеменин басма сөз кызматы бул топту тажик чек арачылары коштоп жүргөнүн кабарлайт.

"Эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсүнөн соң жол кайрадан ачылган. Бирок тажик тарап макулдашууларга карабай, Чыр-Дөбө аттуу жерден Кыргызстандын күч түзүмдөрүн миномет, гранатометтор менен аткылаган. Андан соң тажикстандык күч түзүмдөрү Төрт-Көчө тилкесинде кыргыз аскерлерин аткылашкан. Тажикстандын аскерлеринин бул аракети чагымдын алдын ала даярдалганын далилдейт. Чек арачылардын штаттык комплектине кирбеген минометтордун колдонулушу эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат. Кыргыз тараптын ок атышууну токтотуу талабын аткарбай, электр тогу өткөн зымдарды, кыргыз чек ара заставаларын аткылап жатышат", - деп жазылган Чек ара кызматынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Атышуулар түнкү саат 23:45те дагы деле уланганы маалым болду.

Тажик бийлиги чыр эмнеден чыкканы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облустук саламаттык боюнча координатор Арзыбек Бөрүбековго таянып, 27-январда түнкү саат 23:00дөн кийин Кыргызстандын төрт аскери жарадар болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы тапта аларды Көк-Таш айылынан Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына эки “Тез жардам” унаасы менен алып баратышат. Жаракат алгандардын баарына жардыруучу заттын чачырандысы тийген.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан Тажикстандын бир жайкын тургуну каза болгонун жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обижон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG