Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

Исхак Масалиев кайра шайлоого катышкан себебин айтты


 Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевди Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты. Эл өкүлү буга байланыштуу БШКнын жумушчу тобунан кат алганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал оппозициялык көз караштагы депутаттардын санын көбөйтүү максатында кайра шайлоого катышуу үчүн арыз жазганын айтты.

"Шайланып калсам, азыркы депутаттык мандатты тапшырат элем. Партиялык тизме менен "Бүтүн Кыргызстанга" дагы бир депутат кошулмак. Ошентип биз оппозициялык көз караштагы депутаттардын санын көбөйтмөкпүз. Буга мыйзам толук жооп берет. Бирок БШКнын позициясын түшүндүм, алар менен соттошкондун кажети жок".

Былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып келген.

Ал шайлоодо Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондук округдарында “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, мыйзамга ылайык кайра шайлоо быйыл 27-февралга дайындалган. 27-январга карата эки округдан депутаттыкка талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшыргандардын саны 60ка жетти. Алардын дээрлик баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн. БШК алардын 18ин талапкер кылып расмий каттады.

Боршайком 27-февралга дайындалган кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 27-январда, саат 18.00дө аяктаарын эскертти. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG